ЖААН-ЧАЧЫН
ЖААН-ЧАЧЫН , ж а а н – жамгыр, кар ж. б. түрүндө жер бетине түшүүчү атмосфералык суу. Ал булуттан ж-а нымдуу абадан пайда болот. Булуттан жамгыр, ак жаан, нөшөр, өткүн, шыбыргак, мөндүр, кар түрүндө жаайт. Абадан ным, кыроо, бубак, шүүдүрүм түрүндө бөлүнүп чыгат. Жаан-чачындын өлчөмү, жер бетине түшкөн суу кабатынын калыңдыгы мм м-н өлчөнөт. Жаан-чачындын Жер шарындагы жылдык орточо өлчөмү 1000 мм (башкача айтканда 500 миң км3 суу). Жаан-чачындын өлчөмү дүйнө жүзүндө бирдей эмес. Эң көп Жаан-чачын жааган жер Гавайи аралынын биринде (жылына орто эсеп м-н 12500 мм), ал эми Перу м-н Чилинин чөлдөрүндө, Сахарада бир нече жылдар бою тамчы тамбай калышы да мүмкүн. Кыргызстандагы эң жаанчыл жер Фергана тоо тизмегинин түштүк-батыш капталы, анда жылына 1600 ммге чейин Жаан-чачын түшөт. Ысык-Көлдүн батышы эң кургакчыл, анда 110 ммдей. Жаан-чачын – аба ырайы м-н климаттын негизги элементи. Айыл чарбасында мааниси чоң.