ЖААЧЫ (зодиак топ жылдызы)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 30 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖААЧЫ (Sagittarius) – зодиак топ жылдызы. Байыркы гректер белгилеген 48 топ жылдыз­дын бири. Жаачы Саманчы жолу галактикасынын жылдыздарга бай алкагында, башкача айтканда Галактика­нын борбордук багытында жайгашкан. Башка топ жылдыздарга караганда Жаачыда 15тен ашык объект жайгашкан. Алардын ичинде Лагуна, Омега (Ак куу), RY Жаачы, β Жаачы ж. б. Галактика­нын борбордук багыты А Жаачы жылдызы м-н дал ке­лет. Ал эми W ж-а X Жаачы цефеиддер деп аталат. М 22 (NGC 6656) – шар түрүндөгү жылдыздар­дын жыйындысы ж-а дүрбү м-н жакшы байка­лат. Күн Жаачы аркылуу декабрдын орто ченинен январдын орто ченине чейин өтөт.