ЖАБЫРЛАНУУЧУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:36, 30 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАБЫРЛАНУУЧУ – кылмыш кесепетинен моралдык, мүлктүк зыян тарткан же денесине залал келтирилген адам. Тергөөчү же судья кылмыштуу окуяны иликтөө м-н Жабырлануучу тарапты аныктайт. Жабырлануучу жазык иш боюнча көрсөтмө берүүгө, далил келтирүүгө, өтүнүч м-н кайрылууга, тергөө аяктагандан кийин иштин материалы м-н таа­нышууга, соттук териштирүүгө катышууга, тер­гөөнүн, соттун чечимдерине каршы арыздануу­га, судьяны, экспертти, котормочуну, сот оту­румунун катчысын, прокурорду, тергөөчүнү жа­зык ишке катышуудан четтетүүнү сурап арыз берүүгө укугу бар. Жабырлануучу катары адам гана эсепте­лет. Кылмыш кесепетинен Жабырлануучу каза болсо, анын туугандарынын бири тергөөчүнүн же судьянын чечими м-н Жабырлануучу деп табылат. Бир иш б-ча Жабырлануучу жарандык доогер да болушу мүмкүн. Жабырлануучунун укугу жарандык доогердикинен кенен. Жабырлануучу өз көрсөтмөсүндө жалган айтканы же көрсөтмө­дөн баш тартканы үчүн жазага тартылат.