ЖАДЕИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:50, 30 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАДЕИ́Т – минерал, моноклин пироксени. Хим. формуласы NaAl(Si2O6). Өңү ак, көгүш, жашыл сымал, кээде түссүз. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6,5–7. Салыштырма салмагы 3,3–3,5. Сырткы көрүнүшү ж-а касиеттери боюнча нефритке өтө окшош. Жадеит жаратылышта аз кездешет. Мета­морфизмделген тоотектерде пайда болот. Серпен­тиниттер ж-а граувактардын арасында таза түрүндө же кварц, альбит м-н линза түрүндө кезигет. Жадеит байыркы замандан бери зергерлик ж-а көркөмдүк-кооздоо иштеринде колдонулат.