ЖАДИД МЕКТЕПТЕРИ
ЖАДИД МЕКТЕПТЕРИ , у с у л и ж а д и д – 19–20-кылымдардын аралыгында Волга боюнда, Кавказ, Түркстан, Кыргызстан, Казакстанда ачылган мектептер. Ислам дининин идеологиясында калыптанып калган эски ыкмадагы ж-а мазмундагы схоластикалык мектептердин (мисалы, «усули кадим») ишин сынга алган жадидчилер жалпы мектеп системасын ошол мезгилдин талабына ылайык өзгөртүүгө аракеттенишкен (к. Жадидизм). Жадидизмди негиздеген педагог, агартуучу Исмаил Гаспринский ж-а аны колдоочулар жаңы үлгүдөгү реформаны ишке ашыруу максатында 25 миңден ашуун мектептерди ачышкан. Жадид мектеби биринчи жолу Крымда ачылып (1884), кийин Түркстанга тараган. Анда мурда колдонулуп келген тамгалык-муундук усулдун ордуна тыбыштык-добуштук усул ж-а түшүндүрмө окуусу киргизилип, мындай ыкма м-н балдардын окуу ж-а жазуу сабаты тез жоюлган. Жаңы усул боюнча мектептерде парта, доска пайдаланылып (мурда тизелеп отурушуп, тактачага, тери бетине, кой же уйдун далы сөөктөрүнө жазышкан), географиялык карталар колдонулган. Жадид мектептеринин ачылышына адегенде Пишпек, Токмок ж-а Каракол шаарларына Казан, Уфа шаарларынан 1901–02-жылдарда келишкен татар агартуучулары демилгечи болушкан. Кийин кичине айылдарда да пайда болуп, 1909-жылы Чоң Кеминде Шабдан Жантай уулу «Шабдан медресесин», 1912-жылы Калпа ажы Курткада, Ыбыке уулу Канат м-н Өтөмбай Төрөгелдин манап Кочкор өрөөнүндө, Мали уулу Сагаалы Тоң болуштугундагы Туура-Сууда (ал мектепте Казан м-н Уфадан билим алып келген И. Арабаев мугалимдик кылган), 1911-жылы Тооке уулу Байзак м-н Курман манап Жумгалда «Курмандын мектебин», Дүр Сооронбай уулу Чүйдө ж. б. жерлерде ачылган. Кочкордогу Ыбыке уулу Канат ачкан мектеп-медресе Талды-Булак деген жерде жыгачтан салынып, он бөлмөдөн турган. Алыстан келген балдар үчүн медресенин алдында жатакана да болгон. Анда Уфадагы «Галия» медресесин бүтүрүп келген Канаттын Ыскак деген уулу сабак берген. Ал эми Жумгалдагы Курмандын он бөлмөлүү, асты тактайланган мектебинде 100дөй бала окуган. Чүйдүн Сайлык айылында салынган Дүрдүн мектебинин пайдубалы кыш, таштан салынып, жыгач материалдар м-н курулуп, үстү тунуке м-н жабылган. Бул мектепте Түндүк Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан балдар келип окушуп, ошол мектептин жатаканасында турушкан. Ош шаарында Фазылбек Касымов тарабынан мектеп ачылып, 60тан ашуун бала, Кара-Суудагы мектепте 20дай бала окуган. Куршабда (Өзгөн) Эраалы миңбашы Ташкенттен Гулан Зафари деген мугалим алдырып, мектеп ачса, Өзгөндүн өзүндө 1907-жылы Факриддин, Рахим молдолордун демилгеси м-н ачылган. Жалал- Абадда Мырзакул болуш Жадид мектептери үчүн атайын имарат салдырып, Бухарадан мугалимдерди алдырып, окууга шыктуу балдар үчүн билим алууга ыңгайлуу шарттарды түзгөн. Намангандагы атактуу Молдо Кыргыз медресесинде Нурмолдо Наркул уулу бир топ жылдар эмгектенип, кийин Ала-Бука, Аксы аймактарында жаңы усулдагы мектеп-медреселерде дин окуусу м-н катар эле «алхоризмий» деп аталган эсеп, «айнаме» деп аталган агрономия, айыл чарба мүнөзүндөгү сабактарды, чыгыш классиктеринин чыгармаларын, ошондой эле алгачкылардан болуп, кыргыз тилинде билим берип, «Манас» айттырып окуткан. 1905–06-жылдарда Жети-Өгүздүн Сары-Жон жайлоосунда элдин көмөгү м-н Алдаш Молдо бала окутуу үчүн боз үйдө мектеп ачкан. Ал жалпы билим берүүчү сабактар м-н катар эле эне тилин окутууну көздөп, биринчи жолу араб арибинин негизинде кол жазма түрүндө кыргызча «Алиппе» түзүп, бул туңгуч окуу куралы аркылуу балдардын сабатын ачып, аларды жазганга үйрөткөн. Алдаш Молдо түзгөн «Алиппени» башка мугалимдер көчүрүп алып, жер-жерлерде сабак берүүдө колдонушкан. Кийин анын тажрыйбасын И. Арабаев улантып, Уфада Сарсакеев деген казак студент м-н бирге, биринчи жолу кыргыз, казак балдарына арналган «Алип-бээ жаки төтө окуу» аттуу китебин жазып, аны 1911-жылы «Шарк» басмасынан чыгарышкан. Көп өтпөй эле ал «Жазуу өрнөктөрү» (сулуу жазуунун үлгүлөрү) деген окуу куралын 1912-жылы Оренбург шаарында чыгарган. Бул китептер казак, кыргыз мектептеринде чоң ийгилик м-н пайдаланылган. Жаңы усулдагы мектептерде материалдык, окуу-педагогикалык жактан, о. эле педагог адистердин аз болгондугунан кыргыз балдары кыйналып окушкан. Бирок буга карабастан, диний сабактар м-н катар жарандык (светтик) багыттагы билимдин берилиши, кыргыз элинин тарыхындагы олуттуу окуялардан болгон. Ушул мектептер аркылуу Россиядагы мусулман калкы, анын ичинде кыргыздар да европалык цивилизация м-н тааныша баштаган. Жадид мектептери Кыргызстанда 20-кылымдын башында билим берүүнүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. Мектептин бүтүрүүчүлөрү кийин кыргыздын алдыңкы интеллигенциясынын негизин түзгөн.
Ад.: Измайлов А. Э. Очерки по истории советской школы в Киргизии. Ф., 1967; Машкевич А. А. Выдающийся просветитель Исмаил Гаспринский и развитие прогрессивной педагогической мысли народов Востока во второй половине XIX века. Алматы, 2002; Байгазиев С. Ала-Тоодогу агартуунун тарыхынын кыскача очерки. XVII кылымдан 1917-жылга чейин. Б., 2005.
А. Кубатова.