ЖЕР АСТЫНДАГЫ МУЗДАР
ЖЕР АСТЫНДАГЫ МУЗДАР – көп жылдык тоң тараган аймактардагы тоңгон тоо тек катмарындагы ж-а кыртышындагы муздар. Жаралышы б-ча баштапкы – борпоң тектердин тоңушунан пайда болгон муздар (муз-цемент), кийин жаралган жаракаларда (тарам муз), көңдөйлөрдө ж-а боштуктарда (үңкүр музу) суунун ж-а суу буусу кристаллдашкан муздарга, алгач жер бетинде пайда болуп, кийин чөкмө тектердин астында калган (көмүлгөн муз) муздарга бөлүнөт.