ЖЕР АСТЫНДАГЫ ТЕМИР ЖОЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР АСТЫНДАГЫ ТЕМИР ЖОЛ , м е т р о п о­л и т е н – жердин асты м-н жүргүнчү ташуучу т. ж. системасы. Ачык ыкма м-н курулган би­ринчи Ж. а. т. ж. 1863-ж. Лондондо ачылып, жүргүнчүлөрдү Пэддингтондон Фэррингтонго ташыган. Бул линияда көмүр м-н иштеген буу локомотивдери жүргөн. Бир топ тереңдикте ку­рулган алгачкы Ж. а. т. ж. 1890-ж. Англияда Сити м-н түш. Лондонду туташтырган. Бул ли­ния м-н электр локомотиви жүргөн. Ж. а. т. ж. Будапештте 1896-ж., ал эми Бостондо (АКШ) 1895–97-ж. ачылган. 1898-ж. Париж метросун куруу башталган. Мындай транспорттук систе­ма тез эле дүйнөнүн көптөгөн ири шаарларында курула баштады. 1932-ж. курула баштаган Моск­ва метрополитени эң ири Ж. а. т. ж. болуп эсеп­телет. Ал азыркы учурда күнүнө 6,5 млндон ашык жүргүнчү ташыйт. Айрым линияларда поездди башкаруу автоматтык түрдө ишке ашы­рылат. Париж метросунда ж-а анын долбоору м-н салынган башка шаарлардагы Ж. а. т. ж-до поезд рельс м-н эмес, бетон аркылуу жүрөт.