ЖЕР БЕТИ
ЖЕР БЕТИ – жердин жылуулук ж-а ным алмашуу процесстери аркылуу атм. м-н өз ара байланышкан үстүңкү бети (топурак, өсүмдүк, кар, суу, муз). Ж. б. ар түрдүү түзүлүштө (мис., кургактык м-н суу мейкиндигинин, тоолор м-н түздүктөрдүн) болушу аба ырайына ж-а климатка зор таасирин ти йгизет; ал эми Күн нурунун энергиясынын Ж. б. б-ча ар түрдүү өлчөмдө сиңирилиши, чыгымдалышы ж-а топтолушу атмнын жалпы циркуляциясына таасирин тийгизип, атм. циркуляциянын жерг. өзгөчөлүгүн аныктайт.