ЖЕР БУУРЧАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР БУУРЧАК (Vicia) – өсүмдүктөрдүн чанак­туулар тукумундагы уруусу.

Бир, эки ж-а көп жылдык өсүмдүк. Жер жүзүндө 150дөй (КМШ өлкөлөрүндө 80дей) түрү бар. Эгилме 10 түрү белгилүү. Жаздык ж-а күздүк Ж. б. кеңири таралган. Ж. б. – белоктуу, жакшы сиңимдүү т ою т . Жаздык Ж. б. (V. Savita L.) КМШ өлкөлөрүнүн токой-талаалуу Ев­ропа бөлүгүндө, Си­бирь ж-а Кавказда эгилет. Сабагы ич­ке, бутактуу, түз өсөт, бийикт. 40– 110 см. Гүлү өзү м-н өзү чаңдашат. Мөмөсү 6–10 урук­туу, ромб форма-


сындагы чанак (уз. 5–7 см). Эгилме Ж. б-тын жашыл массасында 5,1% (кургагында 18,1%) протеин, фосфор, кальций, каротин, клетчатка бар. Гектарынан 20 цге чейин дан, 200–250 ц (аба ырайы жакшы жылы 400 цден ашык) жа­шыл масса алынат. Борб. Азияда отоо чөп ка­тары да белгилүү. Түшүм жыйналган мезгилде уругу түшүп, күздүк эгин аянттарын булгайт. Жапайы Ж. б. шалбаа, суу жээги, токой, бадал арасы ж. б. жерлерде өсөт, баалуу тоют.