ЖЕРГЕЗ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРГЕЗ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. ч. 2-к.– б. з. 2-к-на таандык археол. эстелик. Ысык-Көл обл-ндагы Жергез суусунун боюнда жайгашкан. Ал түндүктөн түштүккө карай эки катар созу­луп жаткан 50 дөбөдөн турат. Дөбөнүн ар бири­нин диаметри 10–30 м, бийикт. 1,5 мге чейин. 1949-ж. археолог А. Н. Бернштам эки мүрзөнү казып изилдеген. Карапа идиштер, темир буюм­дардын сыныктары табылган.


Ад.: Бернштам А. Н. Историко-археологические очерки Центрального Тянь-Шаня и Памиро-Алая. М.; Л., 1952.