ЖЕРГИЛИКТҮҮ УБАКЫТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРГИЛИКТҮҮ УБАКЫТ – Жер шарынын бел­гилүү бир оруну (аймагы) үчүн аныкталган уба­кыт. Ал жылдыз убакыты (астрометрияда), чыныгы күн убакыты, орт. күн убакыты болуп айырмаланат. Ж. у. ошол жердин геогр. узун­дугуна байланыштуу ж-а меридиандын бардык чекиттеринде бирдей болот. Эки башка жердин Ж. у-нын айырмасы ошол жердеги меридиан­дардын айырмасы м-н өлчөнөт. Ж. у. ошол жер­деги астр. байкоолордун негизинде (Күн саат­тары аркылуу) аныкталат. Ж. у. мурда тири­чиликте кеңири колдонулса, 19-к-дан баштап көпчүлүк өлкөлөрдө алкак убактысы м-н алмаш­тырыла баштаган.