ЖЕРДИН МАГНИТ УЮЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРДИН МАГНИ́Т УЮЛДАРЫ , г е о м а г н и т т и к у ю л д а р – магниттик багыт сызыктарынын жер бетинде кошулган чекиттери. Жер шары магниттелген дипол сфе­расы болгондуктан, диполдун маг­ниттик огу м-н 11,5°ка жакын бурчту түзөт. Ж. м. у. геогр. уюл­дарга жакын тереңдикте жайга-

шат, бирок алар м-н кошулбайт. Ж. м. у. түн. ж-а түш. магниттик уюлдар деп аталып, жер­деги магнит талаасынын кылымдык өзгөрүшүнө байланыштуу убакыт өткөн сайын орун кото­рот. Уюлдардын орду Жердин магнит потенциа­лын эсептөө м-н аныкталат. Алардын координа­талары (1975): Түн. жарым шарда түн. кеңдик б-ча 75°53, батыш уз. б-ча 100°231; Түш. жарым шарда түш. кеңдик б-ча 66°061, чыгыш уз. б-ча 139°361.