ЖЕРДИН РАДИАЦИЯЛЫК АЛКАГЫ
ЖЕРДИН РАДИАЦИЯЛЫК АЛКАГЫ – Жердин магнит талаасынын күчү м-н тартылып турган радиациялык жогорку ургаалдыктагы зонасы. Ж. р. а. жогорку энергияда заряддалган (электрон ж-а протон) бөлүкчөлөрдөн турат. Шарттуу түрдө Ж. р. а. ички ж-а тышкы алкактарга бөлүнөт. Ички алкактын чеги 600– 1600 кмге чейин, тышкы алкактыкы бир нече миң км бийиктикте. Жерден 5000 км бийиктикте бир нече ондуктагы Мэв энергиялуу протондор басымдуулук кылат, андан бийикте энергиясы төмөндөп, жерден 3,5 радиус бийиктикте 100 Кэвге жетет. Протондордун ургаалдуулугу (ички ж-а тышкы алкактарда) жер магнетизминин кескин түрдө өзгөрүшүнө жараша ар түрдүү. Ж. р. а-нда бир нече жүз Кэв энергиялуу электрондордун агымы байкалат. Ж. р. а-ндагы бөлүкчөлөр космонавттарга радиациялык коркунуч түзөт.