ЖЕРДИН СУУ БАЛАНСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕРДИН СУУ БАЛАНСЫ – Жер шарында бел­гилүү бир убакта жааган жаан-чачын суусу м-н жер бетинен ж-а Дүйнөлүк океандан бууланган суулардын ортосундагы айырма. Ж. с. б. суу­нун Жерде айланышынын сандык көрсөткүчү болот. Океандардан жылына орто эсеп м-н жаа­ган жаан-чачындын ж-а ага кошулган дарыя сууларынын өлчөмүндөй суу бууланат; кургак­тыктан болсо, жааган жаан-чачын суусунан да­рыя тармактарынын суусун алып таштагандай өлчөмдө суу бууланат. Жер шарындагы көп жылдык жаан-чачындын орт. өлчөмү 1020 мм, Дүйнөлүк океандагы буулануу 880 мм, кургак­тыктагы буулануу 140 мм. Ж. с. б-нын эсеп­төөлөрү гидрологияда, метеорологияда суу ре­жимин изилдөөдө кеңири колдонулат.