«ЖЕРДИ ПАЙДАЛАНУУ ШЕРИКТЕШТИГИ»
«ЖЕРДИ ПАЙДАЛАНУУ ШЕРИКТЕШТИГИ» – а. ч. өндүрүш кооперациясынын Совет бийлигинин алгачкы жылдарында уюшулган формасы; коллективдүү дыйкан чарбасынын бир түрү. Анын мүчөлөрү жер бөлүктөрүн бириктирип, биргелешип иштетишкен. Андан алынган кирешеге машина, о. эле а. ч. шаймандарын сатып алышып, ал буюмдар коомдун менчиги катары эсептелген. Түшкөн киреше шериктештиктин мүчөлөрүнө коомдук өндүрүшкө жумшалган эмгек күнгө ж-а эмгектин сапатына, өндүрүш каражаттарынын үлүшүнө, кээде киши башына жараша бөлүнгөн. 30-жылдардын башында колхозго бириккен.