ЖЕР ЖАЗДЫКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР ЖАЗДЫКТАР , ж а з д ы к с ы м а л ө с ү м д ү к т ө р – жерге жабышып өскөн кыска сабактуу, майда жалбырактуу көп жыл­дык өсүмдүктөр. Алар, демейде, дайыма жашыл, өтө бутактанат, өркүндөрү өтө тыгыз жайгашат (негизги сөңгөгү жок). Өркүндөрү узунунан өспөй, каптал бүчүрлөрү көбөйүп, сыртынан кыркып койгондой болуп, жаздыкка окшош. Аларда көмөкчү тамырлар өтө көп пайда бо­лот. Ж. ж-дын бийиктиги бир нече смден (уюл кызгалдагы ж. б.) 1 мге жетет. Бийик тоолордо, тундрада, суук чөлдөрдө, б. а. жайы өтө сал­кын, кышы суук жерлерде калыптанат. Өсүм­дүктүн мындай формаларынын пайда болушу айлана-чөйрөнүн өтө суук экендигин билди­рет. Мис., Памирде, Теңир-Тоодогу деңиз деңг. 4000 м бийиктикте өскөн кекек, каз таман – жер жаздык өсүмдүктөрдүн тиричилик форма­ларынын бир көрүнүшү.