ЖЕР КЕЗҮҮЧҮЛӨР
ЖЕР КЕЗҮҮЧҮЛӨР – 16–17-к-да Сибирь, Ы. Чыгыш ж-а аны чулгаган деңиздерге саякат жасаган орустар. Алар негизинен «кызматтагылар» (түрдүү даражадагы казак орустар), соодагерлер ж-а куну айбанаттарга аңчылык кылгандар болгон. Орус өкмөтүнүн ж-а Сибирь адм-нын колдоосу астында 17-к-дын башында Батыш Сибирдин басымдуу бөлүгү (Енисей д-на чейин) жалпы жонунан изилденип, Россияга кошулган. Ж. к. өздөрү барган жерлердин көптөгөн «чиймелерин» түзүп, анда Россиянын азиялык бөлүгүн мүнөздөгөн көп материалдарды чогултушкан. Чындыгында Ж. к. зор аймакты өздөштүрүүгө өбөлгө түзгөн геогр. айрым ачылууларды жасашкан. Алардын ичинен 17-к-дын ортосундагы ж-а аягындагы И. Москвитин, В. Поярков, С. Дежнёв, В. Попов, Е. Хабаров, В. Атласовдун изилдөөлөрүнүн геогр. мааниси зор болгон.