ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ АЙМАГЫ
ЖЕР ОРТОЛУК ДЕҢИЗ АЙМАГЫ – табигый геогр. аймак (өлкө). Пиреней, Апеннин, Бал-
кан ж. а-н, Кичи Азиянын түш. ж-а батыш бөлүктөрүн, Сирия, Палестина жээктерин, Африканын түн. жээгин (Атлас тоолорунун көп бөлүгүн) ж-а Жер ортолук деңиздеги аралдарды камтыйт. Аянты 4 млн км2дей. Альп бүктөлүү (геосинклиналдык) облусуна кирет; активдүү жер титирөө болот; аракеттеги жанартоолор бар (Этна, Везувий, Стромболи). Түн. бөлүгүнүн рельефине орто бийик тоолордун, бөксө тоолордун ж-а дөңсөөлүү түздүктөрдүн айкалышы мүнөздүү; карст рельефи да кеңири таралган (мис., Динара тайпак тоосунда ж. б.). Ж. о. д. а-нын африкалык бөлүгүндө катмарланган түзүлүштөгү түздүктөр басымдуу. Субтропиктик жер ортолук деңиздик климат мүнөздүү, жаан-чачын кышында арбын жаайт, жайы кургакчыл. Январдын орт. темп-расы түн.-чыгышында 0–2°С, түштүгүндө 10–12°С, июлдуку түндүгүндө 19– 20°С, түштүгүндө 28–30°С. Түздүктөрүнө жылына 300–400 мм, тоолоруна 3000 ммге чейин жаан-чачын жаайт. Түштүктү ж-а чыгышты карай климаттын кургакчылыгы күчөйт. Вегетация мезгили узакка (7 айдан ашык) созулгандыктан, субтропиктик өсүмдүктөрдү өстүрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, бирок суунун тартыштыгынан дыйканчылык ж-а бак-дарак өстүрүү чектелет. Дарыяларынын суусу жайында өтө тартылат; сугатка кеңири пайдаланылат. Негизги дарыялары: Эбро, Рона, По, Марица, Нил. Өсүмдүктөрдөн ксерофилдик дайыма жашыл жер ортолук деңиздик бадалдар (маквис, фригана, гарига) басымдуу; о. эле катуу, жазы ж-а ийне жалбырактуу токой массивдери да (негизинен тоолордо) кездешет. Ж. о. д. а-нын африкалык ж-а азиялык бөлүктөрүндө жарым чөл ж-а чөл
өсүмдүктөрү мүнөздүү. Буудай, жүгөрү, май алынчу өсүмдүктөр өстүрүлөт; бак-дарак, жүзүмзар, цитрус өсүмдүктөрүнүн плантациялары кеңири аянтты ээлейт. Тоолуу бөлүктөрүндө мал
чарбасы (негизинен кой чарбасы), жээк сууларында балыкчылык (сардина, тунец) өнүккөн. Жээктеринде деңиз курорттору (Ривьера) арбын. Ж. о. д. а. (Средиземье) – антикалык цивилизация өнүккөн тарыхый аймак.
Ад.: Грацианский А. Н. Природа Средиземноморья.
М., 1971; Ерамов Р. А. Физическая география Зарубежной Европы. М., 1973; Физическая география материков и океанов. М., 1988; Притула Т. Ю., Ерёмина В. А., Спрялин А. Н. Физическая география материков и океанов. М., 2004. Ө. Бараталиев.