ЖЕР-ҮЙ АЛТЫН КЕНИ
ЖЕР-ҮЙ АЛТЫН КЕНИ Талас р-нунда, Кара- Ой кыш-нан 26 км аралыкта, Талас кырка тоосунун түн. капталында, деңиз деңг. 3205– 3710 м бийикте жайгашкан. 1969-ж. табылган. 1974–84-ж. геол. чалгындоо иштери жүргүзүлүп, кору бекитилген. Кен аймагы кембрий-ордовик мезгилиндеги кварцтуу диориттерден, кварцтуу сиенит-диориттерден, монцодиориттерден, дайкалар м-н жирелген рифейдеги мраморлордон, доломиттерден, сланецтерден, филлиттерден ж-а ордовиктеги аларды жаап жаткан андезиттүү порфириттердин туфтарынан турат. Кенташ линза, уя, тарам, тарамча түрүндөгү алтындуу кварц, метасоматоз жолу м-н кварцташкан тектер м-н байланышкан. Кенташ тулкуларынын чогулушу штокверктерди түзөт. Негизги минералдары: нак алтын, висмутин, пирит. Алтындан башка күмүш, висмут кездешет. Кенташтагы алтындын орт. өлчөмү 6,3 г/т; запасы 74,684 т.