ЖЕР-ҮЙ МӨҢГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР-ҮЙ МӨҢГҮСҮ – Тескей Ала-Тоонун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Ак-Сай суусунун алабынан орун алган. Уз. 7,3 км, аян­ты 8,7 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4640 м, этеги 3430 м бийикте жатат. Кар чегинин би­йикт. 3970 м. Абляциясынын аянты 3,7 км2. Мөңгүдөн Жер-Үй суусу (Тоң р-нундагы Ак-Сай суусунун негизги курамы) башталат.