ЖЕР-ҮЙ ЧЫМ КӨҢ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР-ҮЙ ЧЫМ КӨҢ КЕНИ Ысык-Көл обл-нун Тоң р-нунда, Жер-Үй ж-а Көк-Сай сууларынын кошулган жеринде, Бөкөнбаев кыш-нан 18 км батышта, деңиз деңг. 1950 м бийикте жайгашкан.
Чым көң саз катмары м-н байланышып, төрт горизонтту түзөт. Жалпы аянты 24,2 га, орт. ка­лыңдыгы 0,69 м. Чым көң күрөң түстө, чирин­дилер 20–25%. Күйгөндөгү жылуулугу 2388–3964 калория. Чым көңдү кык ж-а акиташ м-н ара­лаштырып, жер семирткич катары колдонууга болот. Запасы С категориясы б-ча 252 миң м3.