ЖЕР ЧУКУУРЛАР
ЖЕР ЧУКУУРЛАР (Soricidae) – курт-кумурска жечүлөр түркүмүнүн тукуму. Чычканга окшош, жүнү баркыттай, буту кыска, башы чоң, тумшугу узун, тиштеринин учу күрөң. Дүйнө фаунасындагы сүт эмүүчүлөрдүн эң кичине өкүлдөрү (кидик ак тиш ж-а эң кичине күрөң тиш) кирет. Дене уз. 3,5–18 см. Куйругу 1–12 см. Денесинин капталында ж-а чатында жыты бар суюктук бөлүп чыгаруучу без жайгашкан. Ж. ч-дын жер жүзүндө 25, КМШ өлкөлөрүндө 5 уруусу, Кырг-нда 3 уруусунун 4 түрү бар. Суткасына өзүнүн салмагынан 2–2,5 эсе көп зыяндуу курт-кумурска ж-а алардын личинкасы м-н азыктангандыктан, Ж. ч. токой ж-а а. ч-га чоң пайда келтирет.