ЖЕР ЧУКУУРЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕР ЧУКУУРЛАР (Soricidae) – курт-кумурска жечүлөр түркүмүнүн тукуму. Чычканга окшош, жүнү баркыттай, буту кыска, башы чоң, тумшу­гу узун, тиштеринин учу күрөң. Дүйнө фауна­сындагы сүт эмүүчүлөрдүн эң кичине өкүлдөрү (кидик ак тиш ж-а эң кичине күрөң тиш) кирет. Дене уз. 3,5–18 см. Куйругу 1–12 см. Денесинин капталында ж-а чатында жыты бар суюктук бө­лүп чыгаруучу без жайгашкан. Ж. ч-дын жер жү­зүндө 25, КМШ өлкөлөрүндө 5 уруусу, Кырг-нда 3 уруусунун 4 түрү бар. Суткасына өзүнүн салма­гынан 2–2,5 эсе көп зыяндуу курт-кумурска ж-а алардын личинкасы м-н азыктангандыктан, Ж. ч. токой ж-а а. ч-га чоң пайда келтирет.