ЖЕСИР
ЖЕСИР (ар. асир – колго түшкөн дегенден) – 1) эри же аялы өлгөн адам; 2) э т н о г р а ф и яд а – көбүнчө күйөөсү өлгөн аял. Күйөөсү өлгөн Ж. бетин тытып, чачтарын жазып, кырк күнгө чейин жоолугун ээгине байланбай, эртели-кеч эрин жоктоп кошок кошкон; эринин кара ашынан чоң (жылдык) ашына дейре кара кийип олтурган. Өлгөн адамга чоң ашы берилгенден кийин гана карасы өрттөлүп, башына ак жоолук салынган. Ж. өз башына өзү ээ болгон эмес, макулдугун албай туруп эле аны күйөөсүнүн
агасына, инисине же жакын тууганына никелеп коюшкан.