ЖЕСИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕСИР (ар. асир – колго түшкөн дегенден) – 1) эри же аялы өлгөн адам; 2) э т н о г р а ф и я­д а – көбүнчө күйөөсү өлгөн аял. Күйөөсү өлгөн Ж. бетин тытып, чачтарын жазып, кырк күнгө чейин жоолугун ээгине байланбай, эртели-кеч эрин жоктоп кошок кошкон; эринин кара ашы­нан чоң (жылдык) ашына дейре кара кийип олтурган. Өлгөн адамга чоң ашы берилгенден кийин гана карасы өрттөлүп, башына ак жоо­лук салынган. Ж. өз башына өзү ээ болгон эмес, макулдугун албай туруп эле аны күйөөсүнүн


агасына, инисине же жакын тууганына нике­леп коюшкан.