ЖЕТЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТЕ (моңголчо Манглай Субе – «Күнөстүү», «Күнгөй жер») – «Алдыңкы аймак» же Могол­стан. Бул аймакты көчмөндөр (негизинен «та­лаанын жапайы арстандары» – кыргыздар) ээлеп, алардан көп жабыр көргөндүктөн, кошу­на элдер «жете» же «каракчы» деген орой ат м-н аташкан. Тоголок-Тимурдун хан шайланы­шы (1348) м-н Чагатай улусунун чыгыш бөлүгү Моголстан атала баштаган. Бул өлкө түндүгү Эмил, Иртыш, түштүгү Тянь-Шань, чыгышы Бар-Көл, батышы Ферганага чейинки кеңири ай­макты ээлеген. Кийин В. В. Бартольд тарабы­нан «эркин элдер» (казак) деген түшүнүк берил­ген. Бирок Мухаммед Хайдар Дешт-и кыпчак толук Абу-л-Хайр ханга өткөндөн кийин Жа­ныбек хан м-н Керей Моголстанга келгенде Эсен Бука хан аларды жылуу кабыл алып, Могол­стандын батышы, Чүй суусунун жээгиндеги Ко­зу-Башы деген жерди бергенин, казак султан­дарынын бийликке келиши 1465–66-жылдарга туура келип, 1533–34-жылдан кийин Моголстан­да казактар такыр калбаганын көрсөтөт.


Ад.: Петров К. И. К истории движения киргизов на Тянь-Шань и их взаимоотношения с ойратами в XIII–XV вв., Ф., 1961; Бартольд В. В. Очерк истории Семиречья //Соч. Т. II, ч. 1. М., 1963; Мирза Мухаммед Хайдар. Тарих-и Рашиди. Таш., 1996. Т. Жуманалиев.