ЖЕТИ АТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ АТА – кыргыздардагы ата текти билүүгө байланышкан генеал. түшүнүк. Ж. а-нын эл­дик генеал. түшүнүк катары кабыл алынышы патриархалдык-көчмөн салтка байланышкан. Ж. а. кыргыз коомунда социалдык маанилүү роль ойногон. Салтка ылайык кыргыз коомун­дагы ар бир адам өзүнүн Ж. а-сын билүүгө ти­йиш болгон. Ж. а-сын билбеген адам кул ката­ры кабыл алынган. 19-к-дын аягында Кырг-нга келген орус адамы мындай деп жазган: «Бейтаа­ныш адам ж-дө бир нерсе билүү максатын­да: “Сенин жети атаң ким болгон”,– деп сура­шат. Бул суроого абдан так жооп беришке кыр­гыздын ар бир баласынын кудурети жетет». «Ким өзүнүн жети атасын билбесе, эл безери»,– деп окутат кыргыздын адеп кодекси. Ж. а. өзүнө тиешелүү төмөнкүдөй терминдер м-н аталып, эл­дин аң-сезимине абдан терең сиңген: ата, чоң ата, баба, буба, кубаар, жото, жете. Элдин эсин­де сакталып калган «кубаарыңдын куу чокусу, мадериңдин баш териси» (мадер түш. диалекти­де эне), «кудай кылса кубаарыңдын акысы бар­бы?», «жото-жетесиз кул», «жетеге жетчү кек», «жети атасынан бери жиликтеп сура» деген сыяктуу көөнө түшүнүктөр мындай салттын байыркылыгын ырастайт. Ж. а-ны сүрүштүрүү салты уруу ичиндеги никелик мамилелерди жөнгө салып, элдин генеал. тазалыгын сактап калуу ж-а биол. популяциясына, өсүп-өнүгүшүнө ыңгайлуу шарт түзгөн. «Ал кезде жети атасын сурап кыз бермек ырасим болгон», – деп айты­лат. Кыргыздар байыртадан бийик тоо шар­тында бири биринен обочолонуп жашагандык­тан, тукумдун тазалыгын сакташ үчүн нике мамилелерин жөнгө салуу зарыл болгон. Бул адат б-ча жети муун өтмөйүнчө никеге турууга тыюу салынган. Муну илим жети муундук эк­зогамия деп аташат. Бул отурукташкан элдер­ден айырмаланып, кыргыздарда никенин ж-а урпак-тукумду өстүрүүнүн өзүнчө мад-ты иште­лип чыккандыгын айгинелейт. Ушундан улам Ж. а-сын сүрүштүрүү салты келип чыккан. Анын баштапкы негиздери урук ичиндеги экзогамия­лык талаптарга байланышса, кийин коомдо мыйзам сыяктуу турмуштук кодекске айланган. Анткени, патриархалдык коомдогу уруктун ар бир адамы Ж. а-сын так билгенде гана кайсы урукка таандык экендигин далилдей алган.


Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Аса­нов Т. И. Кыргыздардын этносаясий түзүлүшүнүн жана тарыхый байланыштарынын санжырада чагыл­дырылышы. Б., 1999. Т. И. Асанов.