ЖЕТИГЕН 1
ЖЕТИГЕН – кыргыздардын сол канат тобунун курамындагы сегиз уруунун бири. Генеал. уламыштар б-ча Ж-дер сол канат уруу бирикмесине сырттан келип кирген уруу катары түшүндүрүлөт. Анда бул уруунун түпкү атасы Молдо Ыбрайым (Нусуп) өз туугандары м-н башка элден качып чыгып, жолдон кээ бир туугандарынан айрылып, сол канаттагы кушчу уруусуна келип, ал уруунун курамына кошулуп калышкан. Ал эми анын айрым бир туугандары казак урууларына барып аралашат. Алардын ичинен Эшенкарек (чакыр) деген тууганы кыргыздын саяк уруусуна кошулуп, анын ичиндеги «чекир саяк» бутагынын түпкү атасына айланган. Ж. уруусу ж-дөгү тарыхый булактар маалыматтарга өтө жарды. Ошондуктан, бул уруунун генезисине арналган атайы эмгектер жокко эсе. Бирок, санжыраларда айтылып жүргөн маалыматтарга таянып, Ж. уруусу м-н чекир саяктардын байыркы теги бир жерден чыкканын, о. эле бул уруулардын бир бөлүгү тектеш, кошуна элдердин курамына сиңип кеткен деп божомолдоого болот. Ж. уруусу ич ара кыргый, кыбал деген уруктарга ажырайт. Этнограф С. М. Абрамзондун иликтөөлөрү б-ча бул урууга дагы бир «дербиш» деп аталган урук кирет. 19-к-дын биринчи жарымында канатташ кушчу уруусу м-н жайыт талашуудан келип чыккан чатактын натыйжасында Ж-дер жеңилип, бир бөлүгү жер которууга мажбур болгон. Ошондуктан, азыркы Ж. уруусу чачкын жайгашкан. Ж-дердин кыбал уругунун тукуму негизинен Талас өрөөнүнүн жогорку аймагын (Талас р-ну) ж-а ага чектеш жаткан Чүй өрөөнүнүн төмөнкү чөлкөмүн (Панфилов р-ну) мекендешет. Ал эми кыр-
гый ж-а дербиш уругунун өкүлдөрүнүн көбү сарыбагыш, солто арасында болуп, Нарын облнун Нарын, Кочкор, Чүй обл-нун Кемин, Чүй, Сокулук р-ндорунда турушат. Р. Жолдошов.