ЖЕТИГЕН 3

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИГЕН – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нун­дагы кыштак. Кербен айыл округуна караштуу. Деңиз деңг. 1300 м бийиктикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Кербен ш-нан 2 км түн.-батыш тарапта. Шамалды-Сай т. ж. бекетинен 80 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1659 (2007); негизинен мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Медпункт бар.