ЖЕТИ ЖЫЛДЫК СОГУШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ ЖЫЛДЫК СОГУШ (1756–63) – Борб. Ев­ропада үстөмдүгүн орнотуу үчүн европа өлкөлө­рүнүн (бир тарабында Австрия, Франция, Рос­сия, Испания, Саксония, Швеция, экинчи жа­гында Пруссия, Улуу Британия, Португалия ж-а герман мамлекеттери (Гессен-Кассель, Браун­швейг, Шаумбург-Липпе, Саксен-Гота) ортосун­дагы согуш. 1756-ж. Пруссиянын Саксонияга басып кириши м-н согуш башталган. Ал Түн. Америка ж-а Ост-Индиядагы колониялар үчүн англ.-фр. карама-каршылыктардын курчушу­нан, Австрия, Франция, Россиянын кызыкчы­лыктары м-н Пруссиянын агрессиячыл саяса­тынын кагылышынан келип чыккан. 1757-ж. Росбах м-н Лейтендин жанында Фридрих IIнин (пруссиялык) армиясынын жеңиштери россия­лык-австриялык аскерлердин Кунерсдорф сал­гылашындагы (1759) жеңиши м-н жокко чыга­рылган. 1761-ж. колонияларда ж-а деңизде айы­гышкан салгылашуулар жүрүп, Пруссия кый­роого жакындап калган, бирок 1762-ж. Россиянын жаңы падышасы Пётр III аны м-н союз түзгөн. 1763-ж. Австрия, Саксония м-н бол­гон Губертусбург тынчтык келишими б-ча Пруссия Силезияны өзүнө караткан. Пар иж т ын чт ык к е­лишими (1763) б-ча Кана­да, Чыгыш Луизиана, Ин­диядагы фр. ээликтердин көп бөлүгү Улуу Британия­га өткөн, о. эле Англия Ис­паниядан Флориданы тар­тып алган. Ж. ж. с-тун башкы жыйынтыгы – колониялык ээликтер ж-а соодадагы биринчи­лик үчүн күрөштө Улуу Британиянын Франция­нын үстүнөн жеңишке жетиши болгон.