ЖЕТИ ЖЫЛДЫК СОГУШ
ЖЕТИ ЖЫЛДЫК СОГУШ (1756–63) – Борб. Европада үстөмдүгүн орнотуу үчүн европа өлкөлөрүнүн (бир тарабында Австрия, Франция, Россия, Испания, Саксония, Швеция, экинчи жагында Пруссия, Улуу Британия, Португалия ж-а герман мамлекеттери (Гессен-Кассель, Брауншвейг, Шаумбург-Липпе, Саксен-Гота) ортосундагы согуш. 1756-ж. Пруссиянын Саксонияга басып кириши м-н согуш башталган. Ал Түн. Америка ж-а Ост-Индиядагы колониялар үчүн англ.-фр. карама-каршылыктардын курчушунан, Австрия, Франция, Россиянын кызыкчылыктары м-н Пруссиянын агрессиячыл саясатынын кагылышынан келип чыккан. 1757-ж. Росбах м-н Лейтендин жанында Фридрих IIнин (пруссиялык) армиясынын жеңиштери россиялык-австриялык аскерлердин Кунерсдорф салгылашындагы (1759) жеңиши м-н жокко чыгарылган. 1761-ж. колонияларда ж-а деңизде айыгышкан салгылашуулар жүрүп, Пруссия кыйроого жакындап калган, бирок 1762-ж. Россиянын жаңы падышасы Пётр III аны м-н союз түзгөн. 1763-ж. Австрия, Саксония м-н болгон Губертусбург тынчтык келишими б-ча Пруссия Силезияны өзүнө караткан. Пар иж т ын чт ык к елишими (1763) б-ча Канада, Чыгыш Луизиана, Индиядагы фр. ээликтердин көп бөлүгү Улуу Британияга өткөн, о. эле Англия Испаниядан Флориданы тартып алган. Ж. ж. с-тун башкы жыйынтыгы – колониялык ээликтер ж-а соодадагы биринчилик үчүн күрөштө Улуу Британиянын Франциянын үстүнөн жеңишке жетиши болгон.