ЖЕТИМ КЫРКА ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИМ КЫРКА ТООСУ Ички Теңир-Тоодо, Чоң Нарын ж-а Кичи Нарын сууларынын аралыгын­да жайгашкан. Жаман-Эчки өрөөнүнөн Кичи Нарын капчыгайына чейин кеңдик багытта со­зулуп жатат. Уз. 120 км, туурасы 24 км. Орт. бийикт. 4280 м, эң бийик жери 4931 м. Ж. к. т. Ортоңку Теңир-Тоого кирүүчү Чоң Нарын анти­клинорийинин батыш капталында өзүнчө ме­гантиклиналды түзөт. Тоонун батышы ордовик­девондун бозомтук жашыл кумдук, катмарлуу сланец, конгломерат, ортоңку бөлүгү протеро­зойдун кристаллдык акиташ теги, сланец, кум­дук, порфирит, диабаз, туф, чыгышы мрамор­луу ж-а доломиттүү акиташ, графиттүү филлит ж. б. тектерден түзүлгөн. Айрым жерлеринде па­леозойдун башталышы м-н ортосунда пайда бол­гон чөкмө тоо тектердин катмарлары, түн. кап­талында палеоген-неогендин, өрөөндөрдө төр­түнчүлүк мезгилдин борпоң чөкмөлөрү жатат. Ж. к. т-нун аймагында темир (Жетим-Тоо кени), марганец (Арчалы кени, Жакболот кени), ва­надий, молибден, вольфрам ж-а курулуш мате­риал кендери бар. Нарын жак күнгөй бети тик, кээде аскалуу, чыгыш бөлүгүндө мөңгүлөр жа­тат (жалпы аянты 120 км2, тоо ээлеген аймак­тын 11%и). Алар негизинен түн. (тескей) бетте, каптал өрөөндөрүнүн башында, айрымдарынын уз. 5–6 км. Ж. к. т-нун ландшафты ар түрдүү.


Терең, кооз капчыгайларда (Жакболот, Ат-Жай­лоо, Талды-Суу, Молдо-Башы, Күрмөнтү ж. б.) карагай, тулаң чөптүү шалбаа өсөт. Карагайлуу чер токой айрыкча Чоң Нарынга караган бетин­де Кең-Саз, Жакболот капчыгайларынын бир кыйла жерин ээлейт. Күнөстүү беттерге бетеге, шыбак өсүп, дүйүм чөптүү шалбаалуу талаа ландшафты мүнөздүү. Тоонун тескей капталда­рында өлөң чөптүү, төө куйрук аралаш өскөн субальп шалбаасы, жогору жагында альп шал­баасы, 3800–3900 мден жогору гляциалдык-ни­валдык алкак жатат. Жайыт.