ЖЕТИМ-ТОО ТЕМИР КЕНТАШТУУ ФОРМАЦИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИМ-ТОО ТЕМИР КЕНТАШТУУ ФОРМАЦИЯСЫ , Ж е т и м ф о р м а ц и я с ы – Ортоңку Теңир-Тоонун басымдуу бөлүгүндө жер бетине чыгып жаткан темир кенташтуу жанар­тоо-терриген тоотектеринин калың катмарлары. Ортоңку Теңир-Тоодо, айрыкча Жетим кырка тоосунда кеңири тараган. К. С. Сагындыков аларды өз алдынча геологиялык формация ка­тары бөлүп (1967), Жетим кырка тоосунун аты м-н атаган. Формация мурсаш м-н жетим серия­сынан түзүлгөн. Анын астында плагиогранит­тер, ар түрдүү эффузивдер, көмүртек-чополуу сланецтер, трахибазальттар, трахианде­зиттер, трахидациттер, тра­хиттердин туф-лавалары, туф­тар, туфиттер жатат. Форма­цияда темир (Жетим темир кенташ бассейни) ж-а мар­ганец (Жакболот, Арчалы кен­дери) кенташтары бар. Фор­мация ж-а андагы кен К. С. Сагындыковдун изилдөөсү б-ча Жердин байыркы эква­тор алкагында, байкал бүк­төлүүсү мезгилинде жанартоолор дайыма аты­лып турган учурда жанартоо-чөкмө түрүндө пай­да болгон.


Ад.: Сагындыков К. Вендская (нижнекембрийская) вулканогенно-терригенная железорудная формация типа Джетым-Тоо // Формации позднего докембрия и раннего палеозоя Северной Киргизии. Ф., 1967; его же. Строение и состав мурсашской и джетимской серий срединного Тянь-Шаня // Изв. АН Кирг. ССР. 1976, ¹1.