ЖЕТИ-ӨГҮЗ КОРУКЧАСЫ
ЖЕТИ-ӨГҮЗ КОРУКЧАСЫ – Ысык-Көл облнун Жети-Өгүз р-нундагы мамл. аңчылык корукчасы (заказниги). Тескей Ала-Тоонун түн. капталында, Жети-Өгүз суусунун бүт алабын ээлейт. Аянты 31,61 миң га. ТКЭСтин Кызыл китебине кирген илбирс, азайып бараткан тоо эчки, элик, улар, кекилик, кыргоолдорду коргоп, аларды көбөйтүү максатында 1958-ж. уюшулган.