ЖЕТИ-ӨГҮЗ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-ӨГҮЗ КӨРҮСТӨНҮ – болжол м-н б. з. 1-миң жылдыгына таандык археол. эстелик (бардыгы 150дө й ). Жет и-Ө гү з к ыш-нын түштүгүндө тоо этектей жайгашкан. Алардын үстүнө тегерете таш төшөлүп, тик бурчтуу ж-а чарчы таш тосмолор коюлган. Айрымдарынын бурчтарына таш балбалдар орнотулган. Бейит белгилеринин түрдүүлүгү көрүстөнгө табыттар­дын ар кандай мезгилде коюлганын далилдейт. Таш балбалдар орнотулган тик бурчтуу тосмо­лор м-н таш төшөлгөн дөбөлөр 6–8-к-дагы түрктөргө таандык экенин археологдор анык­таган. Б. з. 1-миң жылдыгында Кырг-нда жа­шаган көчмөн калктын мад-тын изилдеп би­лүүдө бул көрүстөндүн мааниси чоң.