ЖЕТИ-ӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-ӨГҮЗ ӨРӨӨНҮ Ысык-Көл ойдуңунда, Тескей Ала-Тоонун түн. капталында, Жети-Өгүз суусунун алабында жайгашкан. Жети-Өгүз р-нунун аймагында. Аянты 63,0 км2, уз. 28,5 км, туурасы 8–11 км. Басымдуу бийикт. 2000– 3500 м. Курортко чейин тепши сымал өрөөн, андан жогору V формасына өтүп, каптал өрөөн-


Өрөөндөгү «Жарылган-Жүрөк».

дөр ж-а кокту-колоттор м-н тилмеленген. Өрөөн­дүн этек бөлүгү салааланган кургак сайлуу, дөңсөөлүү адырлардан турат. Жети-Өгүз кыш­нан жогору чыга бергенде, суунун оң тарабында кенен Казанбак түздүгү, ал эми суунун сол та­рабында тик капталдуу Ак-Жар тектирлери (үчөө) жатат. Рельефи жалпысынан тоолуу; терең ж-а кууш каптал өрөөндөрү көп. Капчы­гай оозундагы адырлар улам жогорулаган са­йын анча бийик эмес (1800–2200 м) бөксө тоого, орто бийиктиктеги (2200–2800 м) тоолорго, тик капталдуу (30–50°) бийик (3000 мден жогору) тоолорго өтөт. Өрөөн кооз ландшафттары ж-а курорт байлыгы м-н өзгөчөлөнөт. Табияты (то­койчулук чарбасынан жогору карай) өтө кооз. Суунун сол тарабынан Бөйрөк деген жерден орун алган Жети-Өгүз курортунун (2200–2400 м) аймагы, анын түн. жагындагы Кызыл-Жар ас­касынын панорамасы өзүнүн табигый кооздугу м-н маалым. Ал эми чыгыш уландысы Кызыл-

Үңкүр деп аталат. Асканын түн. капталы (ор­тосунан жарылган) жүрөк түспөлүндө болгон­дуктан, аны «Жарылган жүрөк» деп аташат. Ушул аска жаракалары экзодинамикалык (атм. жаан-чачын, күндүн радиациясы, үбөлөнүү ж. б.) процесстердин таасиринен пайда болгон. Курорт­тон жогору өрдөй бергенде капчыгай 3–4 км ара­лыкка кууш тартып, андан чыга бергенде ши­берлүү Көк-Жайык түздүгүнө өтөт. Ал – Ж.-Ө. ө-нүн кенен ж-а тегиз, көрктүү жайы. Бул жер­де кыргыздын улуттук оюндары өткөрүлүп кел­ген. Көк-Жайыктан жогору капчыгай кууш тар­тып, каптал өрөөндөр (Ат-Жайлоо, Асан-Тукум, Бай-Төр, Өөн-Төр, Кыргый-Уя, Телети, Аюу-Төр, Чуңкур-Төр, Ашуу-Төр ж. б.) м-н тилмеленген.
Өрөөндүн ооз жагы ж-а Жети-Өгүз курортунун аймагы палеоген-неогендин кум, чопо, конгло­мерат, шагыл таштан, Көк-Жайыктан жогору негизинен палеозойдун акиташ теги, гранит, сланец тектеринен түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик; июль айынын орт. темп-расы 14,8°С, январдыкы –8,4°С. Жылдык жаан-ча­чыны 500–600 мм. Өрөөн аркылуу Жети-Өгүз суусу агып өтөт. Анын жайылмаларында ка­йың, тал, терек, чычырканак, ыргай, бөрү ка­рагат, ит мурун, жылгын ж. б. жыгач ж-а ба­дал өсүмдүктөрү жыш өсөт. 1800–2200 м бийик­тикте талаа, 2200–2800 карагайлуу токой, 2800– 3400 мде субальп ж-а альп шалбаа ландшафт­тары мүнөздүү. Карагайлуу токой негизинен тоонун түн. капталдарынан орун алып, айрым жеринде чер токойду түзөт. Күнгөй беттеринде ж-а токой тилкесинен жогору арча өсөт. Деңиз деңг. 3400 мден жогору жагын кар, мөңгүлүү ас­калар ээлейт. Өрөөндө 1958-ж. Жети-Өгүз корук­часы уюшулган. Курорттун аймагынан мине­ралдуу булактар чыгат (к. Жети-Өгүз мине­ралдуу суусу). Аны Жети-Өгүз курорту пайда­ланат.


Ад.: Забиров Р. Д. Иссык-Куль (Физико-географи­ческий очерк). Ф., 1963; Почвы Иссык-Кульской об­ласти и пути их рационального использования. Ф., 1977; Озеро Иссык-Куль. Очерки по физической геог­рафии / Отв. ред. В. Г. Королёв. Ф., 1978; Качаганов Ш. Древние ледниковые комплексы горного обрамления Иссык-Куля // Северный Тянь-Шань в кайнозое. Ф., 1979; Щиитников А. В. Иссык-Куль // Природа, ох­рана и перспективы использования озера. Ф., 1979; Ысык-Көл облусу. Энциклопедия. Б., 1995.