ЖЕТИ-СУУ
ЖЕТИ-СУУ – Казакстандын түш.-чыгыш бөлүгү, түндүгүнөн Балкаш көлү, түн.-чыгышынан Сасык-Көл ж-а Ала-Көл, түш.-чыгышынан Жуңгар Ала-Тоосу, түштүгүнөн Түн. Теңир-Тоо м-н
чектешкен тарыхый-геогр. аймак.
Тарыхый нускалар ж-а ил. из-лөр б-ча Ж.-С-нун аталышы жети өзөнгө байланышкан. Айрым илимпоздор Лепси, Баскан, Саркант, Ак- Суу, Бойон, Кара-Тал ж-а Кел-Суу д-н атаса, кээ бирлери Баскан, Саркант д-нын ордуна Аягөз м-н Илени атаган. В. В. Бартольд Иле д-нын түн.-чыгышындагы Көк-Суу, Кара-Тал, Кызыл- Агач, Бөйөн, Ак-Суу, Баскан, Лепси сууларын эсептесе, А. К. Гейнс Кызыл-Агачтын ордуна Саркант суусун киргизген. 1867-ж. Түркстан генерал-губернаторлугунун алдында Жети-Суу (Семиречье) обл. түзүлүп, ага Ысык-Көл (кийин Каракол), Токмок (кийин Пишпек) уезддери карап, чек арасы Кургаты ж-а Чүй суусунун оң жак жээги м-н өткөндүктөн, бул обл-ка кирген аймактар жалпысынан Ж.-С. деген түшүнүк алган. Улуу Жибек жолунда жайгашкандыктан, байыртадан өнүккөн мад-тка ээ болуп, Ж.-С-да б. з. ч. 7–4-к-да сак урууларына (кытайча сэ) караган тайпалар жашап келишкен. Б. з. ч. 2-к-да аларды юечжилер сүрүп чыгып, Кушан державасын түзүшкөн. Б. з. ч. 1-к-дан б. з. 4-кнын башына чейин усундар; 4–6-к-да жужаңдар мекендешкен. 6-к-да Түрк кагандыгы (581-ж. Батыш ж-а Чыгыш Түрк кагандыкта-
ры болуп бөлүнгөн) ж-а 8-к-дын башында Түргөш кагандыгынын, 766-ж. карлуктардын Суябды басып алышы м-н алардын ээлигинде калат (к. Карлук кагандыгы). 9–10-к-да жикилдер ж-а кыргыздар (хырхыс) Ж.-С-да жашаганы перс тилиндеги эмгектерде эскерилген (к.
«Худуд-ал-алам»). 10–11-к-да Караханиддер мамлекетинин курамына кирип, 1129–30-ж. кидандар каратып алган. 1218-ж. Ж.-С-ну Чыңгызхан басып алып, көп өтпөй Чагатай улусунун, 14-к-да Хайду негиздеген мамлекеттин, 15-к-да Моголстандын курамына кирген. Султан Сайид (1514–33) ж-а Абд ар-Рашид (1533–65) хандардын тушунда кыргыздар м-н казактар биргелешип моголдорду Ж.-С-дан сүрүп чыгышкан. 16-к-дын 60–70-жылдарында анын толук эмес бөлүгү жаңы түптөлүп жаткан Казак хандыгынын курамына кирген. 17-к-дын аягы – 18-кдын 50-жылдарына чейин Жуңгар хандыгынын (1635–1758) кол алдында калган. Жуңгар хандыгы талкалангандан кийин Олуя-Атадан Илеге
чейин солто, чекир саяк, сарыбагыш уруулары көчүп келген (к. Кыргыздардын Чүйгө келиши). 19-к-дын башында Иленин оң жээгине чейинки аймак Кокон хандыгынын ээлигине өтүп, чептерди курдурткан. 1860-жылдардагы Узун-Агач согушунда кокондуктардын жеңилиши м-н Ж.-С. акырындап Россия мамлекетинин колониясына айланган. 1924–25-ж. О. Азиядагы сов. респ-ларда жүргүзүлгөн улуттук-мамл. чек араларды бөлүштүрүүдөн кийин Ж.-С. Кырг-н м-н Казакстандын курамында калган.
Ад: Бартольд В. В. Очерк истории Семиречья / Соч., т. II (1). М., 1963; Румянцев П. П. Уезды Джетысу. А., 2000; Мырза Мухаммед Хайдар Дулати. Тарих-и Рашиди. А., 1999; Алымбектин санжырасы. Б., 2007. Э. Турганбаев.