ЖЕТИ-СУУ КАПКАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕТИ-СУУ КАПКАСЫ , Ж у ң г а р ө т к ө ө­л ү – Жети-Суу (Жунгар Ала-Тоосу (батышын­да) м-н Барлык ж-а Майлы-Тоо кырка тоолору­нун (чыгышында) аралыгындагы өткөөл. Рос­сиянын Кытай м-н чек арасына жакын. Бал­каш – Ала-Көл өрөөнүн Жети-Суу Жуңгар) түздүгү м-н туташтырат. Уз. 50 кмдей, эң кууш жери 10 км, бийикт. 300–400 м. Жарым чөл ландшаф­ты үстөмдүк кылат. Илгертен көчмөндөр кеңири пайдаланып келген. Ж.-С. к. аркылуу Актогай – Дружба т. ж. өтөт.