ЖЕХАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖЕХАЙ (Жэхай, кытайча жэ – ысык, хай – деңиз) – тарыхый топоним, Кырг-ндагы Ысык- Көлдүн кытайча аталышы. 8-к-дагы кытай маа­лыматында мындай жазылган: «Жери суук, би­рок деңиз тоңбойт, ошондуктан аны Ысык де­ңиз деп аташат». Байыркы ж-а о. кылымдарда Ысык-Көлдү кытай ад-тында Тяньчи, Цинчжи, Йе-хэ, Суй-йе-шуй, Яньхай, Жехай ж. б., 18– 20-к-да Тузкуль, Жэхай, Тэмурту-Нор деп ке­лишкен. Ысык-Көлдөн башка дагы бир нече көлдү Ж. деп аташат, к. Ысык-Көл.


Ад.: Григорьев А. А. Закономерности строения и развития географической среды. М., 1966; Исаев Д. Жер-суу аттарынын сыры. Ф., 1977; Кыргыз жер­геси. Ф., 1990.