ЖИВОПИСЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИ́ВОПИСЬ – кандайдыр бир тегиздиктин бе­тине боёк м-н түшүрүлүүчү көркөм сүрөт өнөрүнүн бир түрү. Иск-вонун башка түрлөрү сыяктуу эле Ж. идеол., таанып-билүүчүлүк, коомдук, тарбия­лык мааниге ээ. Ж. чыгармаларында сү­рөтчүнүн турмушка көз карашы, түзгөн көркөм образы өзүнүн элестүүлүгү м-н көрүүчүнүн аң-се­зиминде ишеним туудурат. Көркөм образдарды түзүүдө Ж. түстү, чиймени, май боёктордун өз­гөчө туюмдуулугун пайдаланат, булар, асыре­се, анын тилинин ийкемдүү болушуна, сүрөт өнөрүнүн башка түрлөрү бере албаган турмуш­тун кооз байлыгын, буюмдардын көлөмүн, са-

К. Аманкожоев. «Бийиктикте». 1969.
С. Бакашев. «Кабар». 1969.

паттык белгилерин толук чагылтууга мүмкүндүк берет. Ж. реалдуу дүйнөнүн (а. и. табияттын да) көзгө көрүнгөн кубулуштарын, адам турму­шунун кеңири көрүнүшүн көргөзүү м-н гана чек­телбей, болмуштагы процесстердин маңызын, адамдын ички дүйнөсүн ачууга ж-а түшүндүрүүгө, жалпы идеяларды туюнтууга кудуреттүү. Ж-тин

И. Бекжанов. «Боз үйдө отурган кыз». 1975.

мындай зор мүмкүнчүлүктөрү андагы жанрлар­дын (тарыхый, жашоо-тиричилик, анималист­тик ж. б.) ар түрдүүлүгүнөн байкалат. Ж. ат­карган милдети, мүнөзү ж-а образдын чечили­ши б-ча арх-ралык мейкиндикти уюштуруу максатында тартылган м о н у м е н т -ж а­с а л г а Ж. (дубалга тартылган сүрөттөр, үйдүн шыбын кооздоо үчүн жабыштырылган сүрөттөр, панно), белгилүү бир орун м-н байланышпаган с т а н о к т у к Ж., ж а с а л г а Ж. (театр м-н кинодо), икона тартуу, миниатюра (кол жаз­маларды көркөмдөө, портрет ж. б.) болуп бөлүнөт. Диорама м-н панорама да Ж-тин түрүнө кирет. Ж-тин негизги туюнтуу каражаты – түс; ал сүрөттөлүштүн эмоциялык таасирин күчөтөт. Шарттуу түрдө Ж-тик сүрөттөөлөрдүн эки ти­бин белгилесе болот: сызыктар м-н чектелген тике сүрөттөө ж-а тулку-караандардын кеңдик­те берилиши. Бирок бул экөө өз ара көп айыр-


Б. Усубалиев. «Оюн». 2002.

маланбайт. Биринчисине локалдык каражат­тарды, экинчисине мейкиндиктеги көрүнүш­төрдү ырааттуу сүрөттөө мүнөздүү. Ж. чыгарма­лары грунт м-н жабылган негизден (кендир, жыгач, кагаз, картон, таш, айнек, металл ж. б.) ж-а боёк катмарынан турат. Ж. – сүрөт өнөрүнүн байыркы түрлөрүнүн бири. Анын тарыхы айба­наттар м-н мергенчилик окуялары түшүрүлгөн байыркы эстеликтерден башталат. Ж. Кайра жаралуу доорунда бийик деңгээлге көтөрүлөт. Леонардо да Винчи, Микеланжело, Рафаэль, Тициан, Я. ван Эйк, П. Брейгель, А. Дюрер ж. б. чеберлердин чыгармалары кеңири таанылат. 17–18-к-да Ж-тин өнүгүшү Европада бир кыйла татаалданат. Францияда (Ж. Латур, Н. Пуссен ж. б.), Италияда (М. Караважо, Д. Фетти), Испа­нияда (Эль Греко, Ф. Гойя), Голландияда (Рем­брандт), Англияда (Т. Гейнсборо, У. Хогарт), Россияда (Д. Г. Левицкий ж. б.) улуттук мек­тептер түзүлөт. Ар түрдүү багыттардын (барок­ко, классицизм, рококо ж. б.) прогрессчил ж-а реакциячыл идеялардын күрөшү, академизмди жерүү күч алат. 19-к-да эскирип бараткан класси­калык стилге каршы күрөштө адегенде демокр. багыттагы романтизм (Э. Делакруа, Т. Жери­ко – Францияда; О. А. Кипренский, К. П. Брюл­лов – Россияда), кийинчерээк турмушту жым­салдабастан, өз турпатында типтүү сүрөттөө­нү алдыңкы планга койгон реализм (Г. Курбе, Ж. Ф. Милле – Францияда; Ж. Констебл – Ан­глияда, А. Менцель, В. Лейбль – Германияда; А. Г. Венецианов, П. А. Федотов – Россияда) пайда болот. Социалдык сындын курчтугу Рос­сияда, айрыкча кыдырма сүрөтчүлөрдүн кыймы­лынан (В. Г. Перов, И. Н. Крамской, И. Е. Ре­пин, В. И. Суриков, И. И. Левитан ж. б.) ачык көрүнөт. 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында реализм м-н модернизмдин ортосундагы күрөш күчөйт. СССРде соц. реализм методундагы Ж. өнүгөт. Азия, Африка, Австралия, Латын Аме­рикасы өлкөлөрүндө Ж-тин улуттук мектепте­ри түзүлөт. 20-к-да ар кыл модернисттик агым­дар (импрессионизм, экспрессионизм, кубизм, фу­туризм, сюрреализм, абстракционизм, кийин­ки мезгилде «поп-арт») пайда болду. Өз доору­нун алдыңкы идеяларын колдогон даңктуу сү­рөтчүлөрдүн тобу белгилүү: Францияда – П. Пи­кассо, А. Матисс; Мексикада – Д. Ривера, Д. Сикейрос; Италияда – Р. Гуттузо, АКШда – Ж. Беллоуз, Р. Кент ж. б. Учурда бардык Ж-тин улуттук мектептери түзүлдү. А. Дейнека, М. Гре­ков, Б. Иогансон, И. Бродский, П. Корин, П. Кон­чаловский, С. Герасимов, Ю. Пименов, М. Са­рьян, У. Таңсыкбаев, Т. Салахов, А. Гудайтис сыяктуу көптөгөн таланттуу сүрөтчүлөрдүн чы-

Гоген П. «Мөмө кар­маган аял». 1893.

гармалары дүйнөгө таанымал. Кыргыз живопис­чилери С. Чуйков, Г. Айтиев, С. Акылбеков, А. Усубалиев, А. Молдакматов, К. Кожакме­тов, К. Керимбеков ж. б. улуттук көркөм сүрө­ттүн өнүгүшүнө зор салым кошушкан.


Ад.: Юон К. О живописи. Л., 1937; Киплик Д. И. Техника живописи. 6-е изд. М.; Л., 1950; Недоши­вин Г. А. Беседы о живописи. 2-е изд. М., 1964; Всеобщая история искусств. Т. 1–6. М., 1956–66; Бенуа А. Н. История живописи всех времён и народов. Т. 1–4. СПб., 2002–2004.