ЖИГИТОВ
ЖИГИТОВ Салижан (17. 3. 1936, Ош обл., Өзгөн р-ну, Көлдүк айылы – 11. 2. 2006, Бишкек) – адабиятчы, акын, энциклопедиячы ж-а коомдук ишмер, филология илимд. доктору (1992),

КРдин илим ж-а техника
б-ча мамл. сыйл. лауреаты (1994), проф. (1999), Кыргыз эл жазуучусу (2005). КМУ-нун филология ф-тин (1959), Кыргыз ССР ИАнын аспирантурасын (1965) бүтүргөн. Эмгек жолун 1959-ж. мектепте мугалимдиктен баштаган. 1961–62-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тил ж-а адабият ин-тунда кенже ил. кызматкер, сектор башчысы, 1966–73-ж. КМУ- нун окутуучусу, 1974–78-ж. Кыргыз совет энциклопедиясында башкы редактордун орун басары, 1978–92-ж. кайрадан Тил ж-а ад-т ин-тунда сектор башчысы, 1992–93-ж. КРдин Президентинин кеңешчиси, 1993-ж. КРдин Өзбекстандагы атайын ж-а ыйгарым укуктуу элчиси, 1996–2000-ж. Кыргыз-Түрк «Манас» ун-тинин проректору, 2000-жылдан Коомдук ин-ттун директору болуп иштеген. Алгачкы ырлары, сын макалалары 1950-жылдары чыга баштаган. Ырлары сезимталдыгы, ачык-айрымдыгы м-н өзгөчөлөнөт. Ал көркөм пародиянын да чебери болгон. 1971-ж. «Ыймандай сырым менин» аттуу алгачкы ыр жыйнагы жарык көргөн. «Ырлар жана жылдар» (1972), «Жаңычылык жолунда» (1975), «Көркөм сөз маселелери» (1982), «Кечээкинин сабактары, бүгүнкүнүн талаптары» (1990) адабий сын макалалар жыйнактары бар. «20-жылдардагы кыргыз адабияты» (1994), «Обретение новых традиций» (1994), «Акындын экинчи өмүрү» (1998) монографияларында кыргыз жазма ад-тынын жаралуу, калыптануу ж-а өнүгүү маселелерин, фольклор м-н ад-ттын карым-катышын, көркөм ад-ттын коомдук турмуштагы ордун, поэзиядагы салттык ж-а жаңы көрүнүштөрдү, о. эле бир катар кыргыз акын, жазуучуларынын (А. Осмонов, С. Карачев, К. Тыныстанов ж. б.) чыг-лыгын изилдеп, калыс баа берген. Ж. кыргыз элинин тарыхындагы алгачкы көп томдуу улуттук-универсал энциклопедияны чыгарууга, энциклопедиялык стилдин калыптанышына зор эмгек сиңирген. Өткөөл мезгилдеги өлкөнүн коомдук-саясий турмушунун орчун маселелери ж-дө макалаларды, ошону м-н катар ад-т тарыхын жаңыча талдап-түшүнүүгө арналган бир нече эмгек жазган. «Күн тууду» («Ит икаясы») повестинин автору. Ал А. де Сент-Экзюпери, Н. Хикмет, М. Каримдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Ад.: Жумабаев И. Салижан Жигитов // Кыргыз адабият таануу илими жана сыны. 2 томдук. Т. 2. Б., 2005. И. Жумабаев.