ЖИДДА
ЖИДДА – Сауд Арабияcындагы порт шаар. Кызыл деңиздин жээгинде жайгашкан. Калкы 3,0 млн (2007). Эл аралык аэропорту бар. Жол тоому. Ири порт (жылына 39,5 млн т жүк ж-а 2,8 млн контейнер ташылат). Мусулман-зыяратчылар ыйык шаарларга (Мекке, Мединага) табынууга жөнөөчү жай. Нефть ажыратуу, нефтьхим., болот эритүүчү, металл иштетүү, курулуш материалдар (мрамор иштетүү, цемент), эмерек, жеңил (булгаары – бут-кийим, текстиль) ө. ж. ишканалары ж-а деңиз суусун тазалоочу ири з-д иштейт. Кеме ремонттолот. Диний буюмдар чыгарылат. Ун-т, авиация академиясы, мед. ин-т, бир нече коллеж, музейлер (а. и. этногр.) бар.