ЖИЖКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:51, 2 Май (Бугу) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИ́ЖКА Ян (1360-ж. ченде – 11. 10. 1424) – чех элинин улуттук баатыры. 1410-жылдагы Грюн­вальд салгылашына катышкан ж-а табор түзүл­гөндөн кийин Ж. төрт гетмандын бири болгон. Прага үчүн болгон салгылашта жеңишке жетүүдө зор роль ойногон (1420-ж. 14-июль). Виткова тоосундагы коргонууну билгичтик м-н башкар­ган (1950-ж. бул жерде Ж-нын эстелиги коюл­ган). 1420-ж. декабрдан Ж. таборчулардын 1-


гетманы. Гусчулар (1422) оң ж-а сол тарапка бөлүнгөндөн кийин Ж. таборчулардын сол та­рабын башкарган. 1423-ж. Ж. түн.-чыгыш Че­хияда борбору Градец-Кралове болгон солчул гус­чулардын «Оребит боордоштугу» деген уюмун түзгөн. Ж. өлгөндөн кийин бул уюмдун мүчөлөрү өзүлөрүн «жетимдер» деп аташкан. Ж. сапаты ж-а темирдей тартиби жагынан айырмаланган аскер уюштурган. Аскер жол-жобосун иштеп чыккан, жөө ж-а атчан аскердин түрлөрү м-н катар замбирекчи аскерлерди түзгөн. Ж-нын стратегиясы талаа салгылашында душманга чеч­киндүү сокку урууга багытталган. Бул рыцар­дык аскерди жеңүүгө шарт түзгөн.


Ад.: Ревзин Г. И. Ян Жижка, М., 1952; Рубцов Б. Т. Подвиги табористов. М., 1961; Лаптева Л. П. Гу­ситское движение в Чехии ХV в. М., 1990.