ЖИЙДЕ 1
ЖИЙДЕ – Жалал-Абад обл-нун Сузак р-нундагы кыштак. Сайпидин Атабеков атн. айыл ок- ы ел ругуна караштуу. Кара-Дарыя суусунун оң жээгинде, деңиз деңг. 710 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыш-нан 12 км түш. тарапта. Жалал-Абад т. ж. бекетинен 20 км. Кыштак 1888-ж. негизделген. Калкы 3229 (2007); негизинен жүзүмчүлүктө ж-а шалы өстүрүүдө эмгектенет. Эки орто мектеп, китепкана, амбулатория бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода борборлору иштейт. Суусу мол болгондуктан, илгертеден шалынын мекени.