ЖИЙДЕ-БУЛАК ЦЕЛЕСТИН КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИЙДЕ-БУЛАК ЦЕЛЕСТИ́Н КЕНИ Баткен р-нунда, Шураб ш-нын жанында, деңиз деңг. 1390–1420 м бийикте жайгашкан. 1955–57-ж. Тажик ССРинин Министрлер Советинин алдын­дагы Геология ж-а жер байлыгын коргоо баш­кармасы тарабынан изилденген. Целестин кени бор мезгилинин чөкмө тек катмарына туура келет. Анын ичинде целестин 10–12 кабат жай­гашып, бир топ аралыкка созулат. Бири-бири­не жакын жайгашкан кабаттар 3 кенташ тул­куга бириккен. Целестин кенташы желвак ж-а чачынды түрүндө кезигет. Желвактарда целес­тиндин орт. өлчөмү 59,5–96,8%ке, жанаша жат­кан тектерде 2,8%тен 27,5%ке чейин өзгөрөт. Технол. изилдөөлөрдүн негизинде, целестиндин чачырандыларынан турган кенташтардын же­ңил ылгана тургандыгы аныкталган. Концен­траттагы целестиндин өлчөмү 83,7–91,77%, ал эми бөлүнүп алынышы 74%тен 96,2%ке же­тет. Запасы С ж-а С категориясы б-ча 380–400 1 2 миң тга жак н. Ц естинден стронций тузун алууга ж-а кант, айнек ө. ж-нда колдонууга болот.