ЖИП ИЙРҮҮЧҮ МАШИНА
ЖИП ИЙРҮҮЧҮ МАШИ́НА – алдын ала созулуп даярдалган буладан (бош чыйратылган жоон шоонадан) жип даярдоочу механизм. 16- к-да ийи кке бекитил ген т уткалу у сак сон дөңгөлөгү пайда болгон. Ийрилген жип чыгырыкка түрүлгөн. Алгач саксон дөңгөлөгү кол м-н, кийин суу же шамал м-н кыймылга келген. 760-ж. англ. ойлоп тапкыч Р. Аркрайт жип ийрүүчү ж-а созуучу жабдуу жасаган. 1767-ж. англ. инженер Ж. Харгривс көп ийиктүү, ал эми 20-к-да анын ордуна шакектүү Ж. и. м. ойлоп тапкан. Ал ийрүүчү түйүндөн ж-а дайыма айланып туруучу тик ийиктен турат. Ж. и. м. үч технол. процессти аткарат: шоона ичкертилет, чыйратылат ж-а түрүүчү механизм жипти кагаз патронго же чыгырыкка түрөт. Машина үзгүлтүксүз ж-а мезгилдүү иштөөчү болуп бөлүнөт. Ү зг ү л т ү к с ү з иштөөчү машина созуу, чыйратуу ж. б. иштерди бир мезгилде аткарат. М е з г и лд ү ү иштөөчү созуу м-н чыйратууну мезгили м-н түрүүгө алмаштырып иштейт. Иштелүүчү буланын түрүнө жараша кебез, зыгыр буласын, жүндү тарап ж-а жибек калдыктарын ийрүүчү болуп бөлүнөт. Ар бир машинада 200дөн 500гө чейин ийик орнотулат. Ийиктер тегерек, мүйүз сымал, калпак ж-а центрифуга түрүндө жасалат. Азыркы учурда негизги ийрүүчү түйүнү чакан центрифуга болгон пневмомех. Ж. и. м-лардын бардык түрлөрү микропроцессордук башкаруу, сырьё берүү, жиптин үзүлгөн жерин байлап ж-а улап коюу, о. эле даяр ийрилген түрмөктү алуу үчүн автоматтык система м-н жабдылган. Мындай Ж. и. м-сы жасалма жип алууда да пайдаланылат.