ЖИПТИК ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖИПТИК ӨРӨӨНҮ – Ак-Буура суусунун ала­бынан орун алган кооз өрөөн. Алай кырка тоо­сунун тармактарынын аралыгында меридиан ба­гытына жакын жайгашкан. Уз. 40 кмдей, туу­расы 5 кмге чейин. Орт. бийикт. 2800 м, эң би­йик жери 3900 м, жапыз жери 2100 м (Кожоке­лең). Өрөөндүн капталдары тик, аскалуу келип, негизинен палеозойдун акиташ теги, төмөнкү бөлүгү бор м-н палеогендин кызыл түстүү конг­ломератынан, неогендин кум-чополуу тектери­нен турат. Ой-Тал, Мазар ж. б. каптал өрөөн­дөрдө бул тектердин калыңдыгы 100–150 мге жетип, тар каньондорду (шаңшаарларды) пай­да кылат. Өрөөндүн жогорку бөлүгү корумдар, байыркы мореналар, суу чөгүндүлөрү м-н кап­талган. Кышы суук, жайы мелүүн. Январдын орт. темп-расы –8 ...–10°С, июлдуку 15–16°С; жылдык жаан-чачыны 300–500 мм. Негизги суу­лары: Жиптик, Кайыңды. Өрөөн түш.-чыгыш­тан түн.-батышка жантайыңкы болгондуктан, суулары шар агат. Бөгөттөр, шаркыратмалар көп. Негизинен арча токою, шалбаа басымдуу; түзөң бөлүгү маданий ландшафт. Өрөөндө Ко­жокелең кыш. жайгашкан. Жайыт.