ЖИРМУНСКИЙ
ЖИРМУ́НСКИЙ Виктор Максимович [21. 7(2. 8). 1891, Петербург – 31. 1. 1971, Ленинград] – филолог, СССР ИАнын академиги (1966), Ленинград мамл. ун-тинин проф. (1919), Оксфорд, Краков, Гумбольдт атн. Берлин ж-а Карл (Прага) ун-ттеринин ардактуу доктору, сов. германистиканын негиздөөчүсү. Ж. герман, түрк ж-а жалпы тил илиминин, батыш ж-а орус ад-ттарынын тарыхы, теориясы, поэтикасы, ыр түзүлүшү, фольклору, чыгыш элдеринин эпосу б-ча баалуу эмгектерди жараткан: «Немец романтизми жана азыркы мистика» (1914), «А. Блоктун поэзиясы» (1921), «В. Брюсов жана Пушкиндин мурасы» (1922), «Рифма, анын тарыхы жана теориясы»

(1923), «Байрон жана Пушкин» (1924), «Адабият теориясынын маселелери» (1928), «Улуттук тил жана социалдык диалектилер» (1936), «Гёте орус адабиятында» (1937), «Элдик баатырдык эпос» (1962), «Немец диалектологиясы» (1956) ж. б. Ал О. Азия элдеринин оозеки чыглыгын изилдеп, «Өзбек элинин баатырдык эпосу» (1947, Х. Т. Зарифов м-н бирдикте), «”Манас” эпосун изилдөөгө киришүү» (1948), «Алпамыш жөнүндө улуу сөз жана баатырдык жомок» (1960) сыяктуу белгилүү эмгектерди жазган. «”Манас”» эпосун изилдөөгө киришүү» деген эмгегинде «Манас» айтуучуларды Ысык-Көл ж-а Тянь-Шань мектеби деп экиге бөлөт да, айтуучулардын варианттарындагы окшоштуктарды ж-а айырмачылыктарды далилдеген. Эпопеянын жаралышы, идеясы ж-а образдык түзүлүшү туурасында ой жүгүртүп, башка түрк элдеринин эпосторуна караганда, кыргыз эпосунда эпикалык салт өтө күчтүү өнүккөнүн белгилеген. О. эле эпостун келип чыгышы ж-а кайсы доорго тиешелүү экени ж-дө да кызык далилдерди келтирип, көркөм дөөлөттөрдү тарыхый-типол. аспекттен изилдөө ишин биринчи планга койгон. Ж. Берлиндеги Герман ИАнын (1956), Британ ИАнын (1962), Дания ИАнын (1967) ж-а Бавария ИАнын корр. мүчөсү (1970) болгон. Ленин ордени м-н сыйланган.