ЖИУ-ЖИЦУ
ЖИУ-ЖИЦУ – өзүн коргоо ж-а куралсыз кол салуу б-ча япон системасы. Анын ыкмаларынын негизи адамдын денесинин коргоосуз калган бөлүктөрүнө (күрөө тамыр, боор, көкүрөк
ж. б.) сокку уруу. Ж.-ж-нун негизги ыкмалары каршылашынын дем алуу жолдорун бууп, колдун ж-а буттун муундарын бурап бүгүп, түрдүү ыкмалар м-н көтөрүп чабуу ж-а тушоо болуп саналат. Ж.-ж. куралсыз коргонуунун элдик ыкмалары катары Японияда байыртадан эле белгилүү. 13–14-к-да түптөлүп, 14–19-к-да самурайлардын физ. ж-а согуштук даярдыгынын системасы катары Японияда кеңири кулач жайган. 19-к-дын аягында Ж.-ж-нун мыкты мектептерин тандоонун ж-а ыкмаларына жаңылоо киргизүүнүн негизинде япондордун дзюдо, 20-к-да каратэ ж-а айкидо сыяктуу өз алдынча улуттук спорт түрлөрү пайда болгон.