ЖОБО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Май (Бугу) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖОБО – мамл. органдар системасынын (мис., КРдин министрликтери ж-дө жалпы жобо) же мамл. бир органдын (мис., Мамл. автомобиль инспекциясы ж-дө жобо) түзүлүшүн, милдетин, компетенциясын аныктоочу, о. эле уюмдардын (спорт ж. б.) иш-аракеттеринин максатын, тар­тибин ж-а белгилүү бир маселе б-ча (мис., ачы­лыштар, ойлоп чыгаруулар ж-а рационализа­тордук сунуштар ж-дө жобо) уюштуруучулук, мүлктүк, эмгектик мамилелердин жыйындысын жөнгө салуучу жыйынтыктуу, кодекстештирил­ген мүнөздөгү нормативдик акт.